Университет жөнүндө
Урал мамлекеттик экономикалык университети – бул Урал регионунун, ошондой эле Россиянын жана КМШ өлкөлөрүнүн экономикалык элитасын даярдаган жогорку окуу жайы. УрГЭУ – бул базалык, көп тармактуу экономикалык жогорку окуу жайы, анда 17,5 миңден ашуун студенттер билим алат жана алардын саны тынымсыз өсүүдө. Университет эл чарбасынын ар кандай тармактары үчүн, анын ичинде бизнес-элитанын жана мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү үчүн 200 000ден ашуун адистерди даярдаган. Университет демилгечи болуп, маданияттар аралык диалогду өнүктүрүүгө, элдердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана достукту бекемдөөгө, кесиптик чеберчиликти популяризациялоого багытталган бир катар жаштар кыймылдарын жана долбоорлорду активдүү өнүктүрүп келет: «Евразиялык жаштар кыймылы».