Окуу программасы жөнүндө
Профиль боюнча студенттер англис тилин тереңирээк үйрөнүшөт, ал эми экинчи курстан баштап тандап алган экинчи чет тилин – немис же француз тилин үйрөнүшөт, алардын кесиптик ишмердүүлүгү үчүн зарыл болгон тармактарды өздөштүрүшөт: • чет тилдер жана изилденүүчү тилдердин маданияты, • чет тилдер теориясы, • чет тилдер жана маданияттарды окутуу теориясы жана методикасы, • маданияттар аралык коммуникация теориясы. Окуу жана бүтүрүү квалификациялык ишин коргоо жыйынтыгы боюнча бүтүрүүчүгө магистратурада окуу сунушталышы мүмкүн. Программанын максаты – билим берүү уюмдарында билим берүү процессин долбоорлоо жана ишке ашыруу боюнча педагогикалык ишмердүүлүккө адистерди даярдоо.








