Окуу программасы жөнүндө
Социалдык иштер боюнча бакалавр — бул социалдык процесстерди башкаруу жаатындагы адис, социалдык технолог, социалдык ишмердүүлүктү уюштуруучу, мамлекет, бизнес жана коом ортосундагы ортомчу; социалдык саясат жаатындагы эксперт, социалдык долбоорлорду иштеп чыгууну жана башкарууну билген; социалдык процесстерди жана көрүнүштөрдү диагностикалоонун социологиялык жана психологиялык ыкмаларын кесипкөй өздөштүргөн. Беделдүү, социалдык маанилүү жана динамикалуу өнүгүп жаткан кесип, адамдарга жардам берүүгө жана өз ишмердүүлүгүнүн натыйжаларын көрүп, андан ырахат алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул үчүн түзүлгөн абалды анализдөөгө, окуялардын мындан аркы өнүгүүсүн алдын ала болжолдоого туура келет.








