Окуу программасы жөнүндө
Өнөр жай электроникасы боюнча адистин ишмердүүлүк чөйрөсү күч электроникасы жана электротехника, микропроцессордук башкаруу системалары жана программалоо, схемотехника жана микроэлектроника, энергетика жана электропривод жана башка көптөгөн тармактар боюнча терең билимдерди камтыйт. Өнөр жай электроникасы жаатындагы келечектеги адистер компьютердик башкаруу системалары, күч электроникасы жана заманбап энергетика жаатында негизги билим алышат. Электроника жана электротехника кафедрасында күч электроника институту (КЭИ) түзүлгөн, ал өнөр жай үчүн реалдуу иштеп чыгуулар менен алектенет. Студенттерди өз катарына кабыл алуу менен, КЭИ карьераны алдыга жылдыруу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.








