Окуу программасы жөнүндө
Профиль фундаменталдык теориялык жана техникалык билимдердин негизинде адистерди даярдоону, эсептөө техникасын жана маалымат технологияларын терең изилдөөнү караштырат. «Микроэлектроника жана наноэлектроника» профилдик багыты боюнча адистерди даярдоодо заманбап автоматташтырылган долбоорлоо системаларын колдонуу менен приборлорду жана процесстерди долбоорлоо жана моделдөөгө өзгөчө көңүл бурулат.
Бүтүрүүчүлөр ким болуп иштешет?
Адистерди даярдоодо, айрыкча акыркы этаптарда, индивидуалдуулук принциби ишке ашырылган. Бул биздин бүтүрүүчүлөргө электрондук жабдууларды долбоорлоо жана эксплуатациялоо, компьютердик технологияларды жана ар кандай автоматташтырылган системаларды колдонуу менен байланышкан бардык ишканаларда жана фирмаларда иштөөгө мүмкүндүк берет. Бүгүнкү күндө бул багыттагы бүтүрүүчүлөргө болгон муктаждыгын төмөнкү ишканалар жана мекемелер билдирүүдө: 1. «Новосибирск жарым өткөргүч приборлор заводу Восток» АК (АК «НЗПП Восток»), 2. Акционердик коом «Новосибирск радиодеталдар заводу «Оксид», 3. ЖЧК «Гранч» илимий-өндүрүш фирмасы (НПФ «Гранч», ЖЧК)