Окуу программасы жөнүндө
«Медициналык биохимия» адистиги боюнча окуу медициналык жогорку окуу жайлардагы салттуу «Дарылоо иши», «Педиатрия», «Стоматология» адистиктери боюнча дарыгерди даярдоодон, негизги медициналык-биологиялык жана физика-химиялык багыттагы предметтердин көбүрөөк саны жана клиникалык дисциплиналардын сааттарынын аздыгы менен айырмаланат. Окуу 6 жылга созулат. Бүтүрүүчү бүткөндөн кийин "Биохимик дарыгер" квалификациясын алат.