Окуу программасы жөнүндө
Программа англис тилинде ишке ашырылып, адам ресурстарын башкаруу жаатында универсалдуу адистерди даярдайт, алар бизнес, мамлекеттик уюмдар, коммерциялык эмес сектор, билим берүү жана башка тармактарда ийгиликтүү иштей алышат. Программада глобалдык рынокто өтө талап кылынган практикалык технологияларга өзгөчө көңүл бурулат. Программанын артыкчылыктуу өзгөчөлүгү анын жергиликтүү жана эл аралык деңгээлдеги уюмдарда негиздүү башкаруучулук чечимдерди иштеп чыгуу үчүн аналитикалык жана изилдөө компетенцияларын түзүүгө багытталышы болуп саналат.