Окуу программасы жөнүндө
Программа мамлекетти жана укукту негизги социалдык институттар катары тереңирээк изилдөөгө багытталган жана улуттук коопсуздукту кылмыш-жаза укуктук камсыздоо жаатында комплекстүү билимге ээ жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоону максат кылат. Программа улуттук коопсуздукту кылмыш-жаза укуктук камсыздоо жаатындагы институализация жана укуктук жөнгө салуу процесстерин талдоону жана түшүнүүнү үйрөтөт.








