Окуу программасы жөнүндө
«Эл аралык мамилелер» даярдоо багыты глобалдык дүйнөлүк саясий процесстер, дүйнөлүк системанын экономикалык жана укуктук көйгөйлөрү боюнча билим алууга, заманбап глобалдык саясаттын, эл аралык коопсуздуктун жалпы көйгөйлөрүн талдоо, дүйнөлүк процесстерди башкаруу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Студенттер эл аралык укук жаатындагы кесиптик ишмердүүлүк үчүн зарыл болгон жөндөмдөрдү өнүктүрүшөт.








