Окуу программасы жөнүндө
Медициналык кибернетика маалыматты алуу, сактоо, берүү жана өзгөртүү мыйзамченемдүүлүктөрүн татаал системаларда, анын ичинде адам организминде изилдейт. Медициналык кибернетика имитациялык моделдерди, анын ичинде математикалык моделдерди түзүүгө негизделет. Медициналык кибернетика татаал техникалык түзүлүштөрдү башкаруу системалары менен айкалыштырат, бул оорулуу адамдардын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн жаңы чечимдерди түзүүгө жардам берет.








