Окуу программасы жөнүндө
Программа молекулярдык биология, иммунология, молекулярдык диагностика жана биотехнология жаатында фундаменталдык жана колдонмо билимге ээ, изилдөө жана колдонмо тапшырмаларды аткарууга жөндөмдүү жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого багытталган. Программанын бүтүрүүчүсү молекулярдык биология жана иммунология жаатында илимий-изилдөө иштерин өз алдынча пландап, ишке ашыра алат.
Бүтүрүүчүлөр ким болуп иштешет?
Бүтүрүүчү университеттердин илимий-изилдөө институттарында, илимий-өндүрүштүк уюмдарда биолог-изилдөөчү, клиникалык-диагностикалык лабораторияларда, продукциянын сапатын көзөмөлдөө лабораторияларында биотехнолог, медициналык-биологиялык багыттагы ишканаларда ар кандай биообъекттерди молекулярдык-биологиялык изилдөөлөр боюнча адис, билим берүү уюмдарында ар кандай деңгээлдеги биологиялык дисциплиналарды окутуучу болуп иштей алат