Окуу программасы жөнүндө
Программанын бүтүрүүчүсү укуктук нормаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, жеке укуктук мамилелердин катышуучуларына юридикалык кеңеш берүү, сүйлөшүү процесстерине катышуу, жеке укуктук институттардын жана конструкциялардын иштешинин көйгөйлөрүн аныктоо, алардын чечүү жолдорун табуу, заманбап илимий концепциялардын негизинде изилдөө иштерин жана натыйжалуу маалыматтык издөө иштерин жүргүзүү, жарандык жүгүртүүнү укуктук жөнгө салуу жана ишкердикти коргоо жаатындагы илимий-изилдөө жана практикалык милдеттерди туура коюу жана чечүү жөндөмүнө ээ.








